Бусурман Жумагул чемпиондук белет үчүн АКШда мушташат. Видео

Сергей Мацера Спорт
VK X OK WhatsApp Telegram
Кыргызстандык спортчу Бусурман Жумагул (4-0) Америкада өтүүчү чемпиондук белет үчүн беттешке даярданып жатат.

Cage Fury Fighting Championships — CFFC 150: Жумагул каршы Моррисон беттеши 7-февралда эртең менен Филадельфия, Пенсильвания штатында өтөт.

Кеченин негизги беттешинде Бусурман америкалык Дэниэл Моррисон (7-2) менен жолугат. Беттеште 77 кг салмак категориясында лиганын ваканттуу чемпиондук наамы коюлат.

Бусурман Жумагул CFFC лигасында төрт беттеш өткөрүп, ар бирин жеңип алды.

Турнирдин алдынкы картасы Бишкек убактысы боюнча 6:00дө башталат, ал эми негизги карта 7:30да старт алат.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: