
Мухаммедали Ырысдолотов, спорттук жекеме-жеке боюнча олимпиадалык резервдин атайын балдар-өспүрүмдөр мектебинин окуучусу, 2009–2011-жылдары туулган жигиттер арасында өткөн дзюдодон Европа Открыт Кубогунда алтын медаль утту.

Бишкек мэриясы берген маалыматка ылайык, эл аралык мелдеш 7-9-мартта Түркиянын Анталия шаарында өттү. Турнирге 21 өлкөдөн спортчулар катышып, жалпы катышуучулардын саны 550 чамасында болду.