
Кыргызстандын 23 жашка чейинки футбол боюнча Олимпиада командасы 2026-жылдагы U-23 Азия Кубогуна катышуу үчүн Саудия Аравиясынын Джидда шаарына ийгиликтүү келди. Турнир 6-январда башталат.
Бул континенттик чемпионатка Азиянын 16 мыкты командасы катышат. Кыргызстан үчүн бул турнирдеги тарыхый дебют болот, анткени команда 2025-жылдын сентябрь айында башкы машыктыруучу Эдмар Ласерддин жетекчилигинде квалификациялык орунду ээлеген.
Жеребе тартуу жыйынтыгы боюнча Кыргызстан A тобуна кирди, анда анын атаандаштары Саудия Аравиясы, Вьетнам жана Иордания командалары болот.
A тобунун матчтарынын расписаниеси (бишкек убактысы боюнча):
1-тур - 2026-жылдын 6-январы
22:00 - Саудия Аравиясы – Кыргызстан
(Принц Абдулла Аль-Файсал стадиону, Джидда)
2-тур - 2026-жылдын 9-январы
20:00 - Кыргызстан – Вьетнам
("Кинг Абдулла Спорт Сити" стадиону, Джидда)
3-тур - 2026-жылдын 12-январы
22:30 - Иордания – Кыргызстан
("Кинг Абдулла Спорт Сити" стадиону, Джидда)
Саудия Аравиясынын командасына каршы биринчи оюн турнирдеги ачылыш оюну болот.
U-23 Азия Кубогунун бардык матчтарынын түз трансляциялары УТРК Спорт телеканалы аркылуу жеткиликтүү болот. Мындан тышкары, күйөрмандар үчүн фан-зоналарды түзүү пландалууда, алардын толук маалыматтары кийинчерээк жарыяланат.