
Архивден алынган сүрөт. Кыргызстандын велоспорт боюнча курама командасы Азия чемпионатына даярданууда
Команда Балыкчыда эки жума машыгуу өткөрөт, андан кийин Түркияда даярдыкты улантат, федерациянын маалыматына ылайык.
Шоссейный велоспорт боюнча Азия чемпионаты 4-февралда Сауд Арабиясында башталат.
Команданы даярдоого кеткен бардык чыгымдар, анын ичинде дары-дармектер, витаминдер жана спорттук тамак-аш, Кыргызстандын Велоспорт федерациясы тарабынан каржыланат.
Мындан тышкары, жакында өлкөдө «Локомотив Манас» аттуу профессионалдык велокоманда түзүлдү.