
Переговорлор ОБСЕнин штаб-квартирасында, Хофбург сарайында өттү, деп билдирет ОТГнын маалымат кызматы.
Кеңешүү учурунда регионалдык өз ара байланыш жана экономикалык кызматташтыкка байланыштуу маанилүү маселелер талкууланды. Иш-чаранын катышуучулары көп тараптуу диалогдун туруктуулукту, ишенимди жана туруктуу өнүгүүнү бекемдөөгө болгон маанисине көңүл бурушту.
Кубанычбек Омуралиев уюмдун өз ара байланыштарды өнүктүрүүдөгү стратегиялык максатын жана Евразия регионунда кызматташтыкты кеңейтүүдөгү салымын белгиледи.
Мындан тышкары, тараптар ОТГ менен ОБСЕ ортосунда өз ара кызыкчылык жараткан тармактарда институттук өз ара аракеттешүүнү тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.