
Илим, инновациялар жана заманбап технологиялар боюнча Кеңештин жыйыны өткөрүлдү
Өкмөттүн басма сөз кызматы Адылбек Касымалиев илим жана инновациялардын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүгө, технологиялык суверенитетти камсыздоого жана улуттук коопсуздукту бекемдөөгө болгон маанисин белгилегенин маалымдады.
«Жыйында илим тармагындагы учурдагы абал жана көйгөйлөр, ошондой эле Улуттук илим академиясынын ишин оптималдаштыруу жана геологиялык изилдөөлөр боюнча мамлекеттик колдоону күчөтүү маселелери каралды», — деп айтылат маалыматта.
Жыйналыштын жыйынтыгы боюнча илимий долбоорлорду финансылоону этап-этабы менен көбөйтүү, илимий изилдөөлөр үчүн мамлекеттик заказды өнүктүрүү жана геология секторун модернизациялоо боюнча чечим кабыл алынды. Мамлекеттик саясаттын приоритети илим жана геологиялык изилдөөлөрдү өнүктүрүү болуп эсептелет.
Сүрөт www