
Кеңешмеде катышуучулар ядролук энергияны тынчтык максатында пайдалануу, ядролук коопсуздук, ошондой эле техникалык кызматташтык жана потенциалды өнүктүрүү боюнча пикир алышышты. Омуралиев эл аралык өз ара аракеттенүүнүн эффективдүүлүгүнүн негизинде жоопкерчилик жана илимий мамиле жатышы керек экенин белгиледи.
Омуралиевдин айтымында, эл аралык адистештирилген уюмдар менен диалогду улантуу маанилүү, анткени бул туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түзөт.