
Акыркы маалыматтарга ылайык, жабыркагандардын көбү Кордова шаарындагы медициналык мекемелерге жаткырылды. Учурда ооруканаларда 73 адам жатат, алардын 24үнүн абалы оор, анын ичинде төрт жашы жете элек бала бар.
Трагедия 18-январь күнү кечинде болду, ошол учурда Малагадан Мадридге бараткан Iryo поезди рельстен чыгып, жолго кулап калды. Ошол эле учурда каршы тилкеде 200 км/саат ылдамдыкта Alvia поезди жүрүп жаткан. Каза болгондордун бири ушул составдын машинисти болгон.
Бул трагедияга байланыштуу Мадрид менен Андалусиянын ортосундагы поезддердин кыймылы убактылуу токтотулду. Темир жол оператору Renfe жүргүнчүлөргө билеттерин убактылуу токтотуу учурунда акысыз алмаштыруу же жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн сунуштады.