
Окуя жума күнү кечинде Гунма префектурасынын Минаками шаарында жайгашкан Кан-эцу автострадасында болду. Полициянын алдын ала маалыматы боюнча, эки жүк унаасынын кагылышуусу массалык ЖТПнын себеби болгон. Авариядан кийин жолдун бир бөлүгү жабылып, артта келе жаткан унаалар тайгак карлуу жолдо убагында токтоп кала алышкан жок.
Бардыгы болуп кагылышууга 57 унаа катышкан. Окуя болгон жерде Токиодон келген 77 жаштагы аял көз жумду. ЖТПнын экинчи курмандыгы медициналык мекемеге бара жатканда каза болду. Беш адам оор жаракат алып, абалы оор.
Мындан тышкары, авариянын натыйжасында бир нече унаа күйүп кетти, жана өрт өчүрүүчүлөр отту жети сааттан кийин өчүрүүгө жетишти. Бактыга жараша, оттон жабыркагандар болгон жок.