Депутат онкобольдорду коштоп жүргөндөр үчүн жатакана же пансион курууну өтүнөт

Ирэн Орлонская Ден соолук
VK X OK WhatsApp Telegram
Бишкекте онкология борборунун жанына жашаган тургундар жергиликтүү бийликке бейтаптардын туугандары үчүн жатакана же пансион куруу өтүнүчү менен кайрылышты. Бул тууралуу депутат Гуля Кожокулова (округ №22) 14-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Операция үчүн алыскы аймактардан келген онкологиялык бейтаптарды коштогон адамдар жайгашуу боюнча кыйынчылыктарга дуушар болушат. Жакынкы үйлөрдүн тургундары кээде аларга түнөгөнгө орун беришет, анткени баарынын гостиницада туруу мүмкүнчүлүгү жок. Жазында коштогон адамдар көп учурда короолордо түнөшөт», - деди ал.

Кожокулованын айтымында, бул кырдаал олуттуу көңүл бурууну талап кылат жана жаңы саламаттык сактоо министри ага тиешелүү көңүл бурушу керек.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: