НАИнын сүрөтү
Переговорлордун жүрүшүндө тараптар Токмокту да камтыган шаардык жана социалдык инфраструктураны санариптештирүү жана модернизациялоого багытталган бир катар конкреттүү долбоорлорду карашты. Талкууланган демилгелердин арасында:
- «Глобалдык экологиялык шаар» долбоору, бул таза технологияларды жана инфраструктураны башкаруу үчүн интеллектуалдык системаларды колдонуу менен туруктуу шаардык чөйрөнү түзүүнү көздөйт;
- «Санариптик инновациялык электрондук соода платформасы» демилгеси, бул бизнес-процесстерди жана сооданы интеграциялоо үчүн заманбап экосистеманы түзүүгө багытталган;
- «Интеллектуалдык шаардык коомдук транспорт системасы» долбоору, бул транспорт системасын эффективдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуу үчүн санариптик чечимдерди киргизүүгө багытталган;
- «Акылдуу медициналык шаарларды» куруу боюнча демилге, бул заманбап медициналык кластерлерди түзүүгө жана санариптик технологиялар менен телемедицинаны колдонууга басым жасалат.
Жолугушуулардын жыйынтыгы менен Улуттук инвестиция агенттиги менен кытай компанияларынын ортосунда кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду, бул технологиялык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, ошондой эле келечектеги биргелешкен долбоорлорду колдоого багытталган.