









2026-жылдын 13-февралында Ташкентте Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын энергетика жана суу чарба министрлеринин жумушчу жыйыны өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги маалымдады.
Жыйында Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев, ошондой эле Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандагы кесиптештери катышты. Мындан тышкары, катышуучу өлкөлөрдүн энергетикалык компанияларынын жетекчилери жана адистери да болду.
Кеңешмеде достук мамлекеттердин жетекчилери тарабынан акыркы жылдары башталган көп тараптуу кызматташтыктын бардык багыттар боюнча, өзгөчө энергетика тармагында, ийгиликтүү өнүгүп жатканына көңүл бурулду.
Ошондой эле жыйында күз-кыш мезгилин коопсуз өткөрүү, вегетация мезгилинде суу-энергетикалык системалардын туруктуу иштешин камсыз кылуу жана өз ара кызматташтыкты тереңдетүү маселелери каралды. Тараптар тармактардын иш графиктерин макулдашты.