
Иш-чарага жемдерди өндүрүү, импорттоо жана сатуу менен алектенген бизнес өкүлдөрү, ошондой эле балык чарбасын өнүктүргөндөр катышты.
КР Су ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин сүрөтү
Талкуу учурунда ведомствонун өкүлдөрү документтин негизги максаттарын белгилешти: ички өндүрүштү өнүктүрүү, импорттук жеткирүүлөргө көз карандылыкты азайтуу жана балыкчыларды сапаттуу жана коопсуз жемдер менен камсыз кылуу. Ошондой эле катышуучулар мамлекеттик колдоонун ар кандай механизмдерин, анын ичинде долбоорду стимулдаштыруу жана кайра иштетүү боюнча сунуштарды карашты.
Жыйындын жыйынтыгында бардык айтылган пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен документ менен ишти улантуу чечими кабыл алынды.
Ветеринардык кызмат балык чарба тармагын өнүктүрүү жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо боюнча аракеттер улантыларын белгиледи.