
Министрлер кабинетинин мигранттар үчүн 200 миң гектар жер бөлүү пландары бар
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиевдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 614 миң гектар ээн жер табылган. Анын ичинен 200 миң гектар айыл чарба муктаждыктары үчүн бөлүнөт.
Бул маалымат өкмөт тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдөн кийин белгилүү болду.
«Учурда 200 миң гектар жер бөлүүгө даярбыз. Бул жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана эмгек мигранттарын колдоого мүмкүнчүлүк берет. Биз жеринде иштегиси келгендерге жардам берүүгө ниеттенип жатабыз. Участкалар суу жана электр энергиясы менен камсыздалат. Мигранттар өз жерлерин тосууга, ошондой эле тамчы же жаан сугаруу жабдууларына инвестиция салууга жана айыл чарба менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Кызыкдар тараптардан суроо-талаптар келип жатат», — деди Жаныбек Керималиев.
Сүрөт www