











2026-жылдын 21-мартында өткөн Bharat Electricity Summit 2026 иш-чарасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Индиянын KEC International Limited, NHPC Limited, NTPC Limited жана CraticAI Services Private Limited сыяктуу алдыңкы энергетикалык компанияларынын жетекчилери менен бир нече жолугушуулар өткөрдү. Бул маалымат Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде айтылды.
Кеңешмелердин жүрүшүндө Кыргызстандагы энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде гидроэнергетикалык кубаттуулуктарды өнүктүрүү, жаңылануучу энергия булактарын пайдалануу, көмүр өнөр жайы жана энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо, ошондой эле санариптик жана инновациялык технологияларды киргизүү маселелери талкууланды.
Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен KEC International Limited жана CraticAI Services Private Limited ортосунда энергетика тармагында кызматташтыкты жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталган эки меморандумга кол коюлду.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 21-мартында министр Ибраев NTPC Limited компаниясына караштуу Нойда шаарындагы күн энергия станциясын зыярат кылып, электр энергиясын өндүрүүнүн эң жаңы технологиялары, узак мөөнөттүү энергияны сактоо чечимдери жана электр энергиясын топтоо боюнча жаңы ыкмалары менен таанышып чыкты.
Бул визит Кыргызстан менен индиялык компаниялардын ортосунда практикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө жана өлкөнүн энергетика секторун туруктуу өнүктүрүү үчүн заманбап технологияларды киргизүүгө болгон кызыгууну тастыктады.