Документке ылайык, ошондой эле кошумча төлөмдөр киргизилет:
- эки долбоорду жүргүзгөнү үчүн — 15%, үч долбоор үчүн — 20%, төрт жана андан көп долбоорлор үчүн — 25%;
- эл аралык долбоорлордо иш стажы: 3 жылдан 5 жылга чейин — 10%, 5 жылдан ашык — 20%.
Жогорку базалык айлык акы долбоордун жетекчиси (директору же менеджери) үчүн 182 миң сомду түзөт.
Жетекчилердин орун басарлары, финансылык менеджерлер, координаторлор жана сатып алуулар боюнча башкы адистер үчүн айлык акы 150 миң сомго белгиленген.
Сатып алуулар боюнча адистер 142,5 миң сом, бухгалтерлер жана төлөм адистери 133 миң сом алышат.
Офис-менеджерлер, катчылар, административдик жардамчылар жана айдоочулар сыяктуу камсыздоочу персоналдын айлык акысы 49 миң сом, ал эми регионалдык камсыздоочу персонал үчүн 42 миң сомду түзөт.
Мындан тышкары, кыска мөөнөттүү консультанттар үчүн тарифтер белгиленген: 6 айга чейин контракт үчүн 231 миң сомго чейин жана 6–12 айлык контракт үчүн 165 миң сомго чейин. Аудиторлор үчүн айлык акы 98 миң сом, ал эми аудитор-катчылар жана аудитор-офис-менеджерлер үчүн 105 миң сом деп белгиленген.
Мындай долбоорлорго жооптуу аткаруучу агенттиктер бул кызматкерлердин айлыктарынан киреше салыгын жана Социалдык фондго бөлүнүүлөрдү ай сайын кармап турууга милдеттүү.
2022-жылдын 12-июлундагы №371 номерлүү мурдагы токтомдун күчү жоюлат. Жаңы айлык акы өлчөмдөрү 2026-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Финансылык министрлиги аркылуу каржыланган эл аралык уюмдардын долбоорлорунда иштеген кызматкерлер үчүн айлык акы өлчөмдөрү
| Кызмат орду | Айлык акы (сом) | |
| 1 | Долбоорду ишке ашыруу же даярдоо бөлүмүнүн жетекчиси (директор, менеджер)/долбоорду башкаруу/ишке ашыруу тобунун жетекчиси | 182 000 |
| 2 | Жетекчинин орун басарлары; финансылык менеджер; борбордук бөлүмдөгү координатор; сатып алуулар боюнча башкы адис | 150 000 |
| 3 | Сатып алуулар боюнча адис | 142 500 |
| 4 | Төлөм адиси, бухгалтер | 133 000 |
| 5 | Бухгалтердин жардамчысы, сатып алуулар/төлөмдөр боюнча адистин жардамчысы, кассир | 77 000 |
| 6 | Камсыздоочу персонал: офис-менеджер/катчы, административдик жардамчы, айдоочу | 49 000 |
| 7 | Юриспруденция, айыл чарба, маалымат технологиялары жана башка тармактардагы адистер | 133 000 |
| 8 | Регионалдык жетекчинин орун басары, регионалдык координатор | 126 000 |
| 9 | Регионалдык сатып алуулар жана финансылык адистер | 84 000 |
| 10 | Регионалдык адистер | 105 000 |
| 11 | Регионалдык бухгалтердин жардамчысы, сатып алуулар/төлөмдөр боюнча адистин жардамчысы, кассир | 56 000 |
| 12 | Регионалдык камсыздоочу персонал: офис-менеджер/катчы, административдик жардамчы, айдоочу | 42 000 |
| 13 | Кыска мөөнөттүү консультанттар | 6 айга чейин - 231 000 сомго чейин, 6-12 айлык контракт - 165 000 сомго чейин |
| 14 | Аудитор | 98 000 |
| 15 | Аудитор-катчы, аудитор-офис-менеджер | 105 000 |
(*) Контракттын бир айлык наркын аныктоодо 22 жумушчу күн эске алынышы керек.