
Эми оптовый сатуучулук "Чүйгүн" павильонунда жүргүзүлөт.
Агроөнөр жай министрлиги билдиргендей, оптовый эт базары Ош базарынан Маевкадагы "Алтын-Така" соода комплексине көчүрүлдү.
Бул чечим Кыргызстан өкмөтүнүн атайын токтому менен кабыл алынып, ветеринардык жана фитосанитардык стандарттарды сактоого, ошондой эле калкты сапаттуу эт продукциясы менен камсыздоого багытталган.
Эми эт сатуу өткөрүлө турган "Чүйгүн" павильону 800 квадрат метрди ээлейт. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, ал санитардык-гигиеналык талаптарга толук жооп берет. Жаңы павильондо офис, ветеринардык лаборатория, карантиндик сактоо жайы жана 90 кв. метрди ээлеген муздаткыч камера, ошондой эле башка кызматтык жайлар каралган.
Сүрөт www