
26-январда Кыргызстандын Су ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Кытайдын Heze Peony Development Service Center делегациясы менен жолугушуу болду.
Бул борбор Хэцзэ шаарында жайгашкан, пиондор тармагын өнүктүрүүгө адистешкен жана пиондорду өстүрүү жана кайра иштетүү боюнча дүйнөлүк лидер болуп саналат.
Heze Peony Development Service Center агропромышленный комплекстин өнүгүшүнө көмөктөшүүчү инфраструктуранын маанилүү бөлүгү болуп, пиондор секторунун экономикалык жана маданий маанисин жогорулатууга активдүү иш алып барууда.
Жолугушуу учурунда Кыргызстандагы гүл өстүрүү маданиятынын аспекттери, пиондорду өстүрүү мүмкүнчүлүктөрү, климаттык шарттарды талдоо жана Кыргызстан менен Кытайдын «Бир пояс — бир жол» инициативасы алкагында кызматташуу келечектери талкууланды.
Сүрөт www