
Учурда лицензиялоо өлкөнүн бардык аймактарында жогору көңүл буруу менен жүргүзүлүүдө. 8 000ден ашык жаран жана 300гө жакын юридикалык компаниялар керектүү лицензияларды алышкан. Жарандардын кайрылууларын эске алып, ИИМ такси кызматын лицензиялоонун мөөнөтүн 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартууну чечти.
Учурда лицензияларды берүү ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бардык бөлүмдөрүндө жүргүзүлүүдө.