
Өткөрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, инцидент Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунда болгондугу аныкталды. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу аныкталып, жолду ашып өтүү жана маневр жасоо эрежелерин бузганы үчүн жоопкерчиликке тартылды, ал каршы тилкеге чыгып кеткен. Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексинин 188-беренесинин 5-пунктуна ылайык, ага 15 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары, айдоочу менен түшүндүрүү иши жүргүзүлдү.