«Жалпы пайдаланган электр энергиясынын көлөмү 124,6 млрд кВтч га жетип, 2024-жылга салыштырганда 3,83% га көп, ал кезде бул көрсөткүч 120 млрд кВтч болгон», - деп айтылат министрликтин бюджетти аткаруу отчетунда.
Мындан тышкары, өлкөдө электр энергиясын өндүрүү 4,4% га өсүп, 123,1 млрд кВтч га жеткен (2024-жылы 117,9 млрд кВтч).
2026-жылдын 1-январына карата Казакстандын электр станцияларынын жалпы орнотулган кубаттуулугу 20,1 ГВт түзөт.
Министрлик жаңы кубаттуулуктарды киргизүү боюнча статистиканы да сунуштады:
- 2022-жылы – 442 мегаватт;
- 2023-жылы – 560 мегаватт;
- 2024-жылы – 771 мегаватт;
- 2025-жылы – 670 мегаватт.