Евразия өнүктүрүү банкынын маалыматы боюнча, аталган программа алты негизги багытты камтыйт:
- Каржылык инструменттер: жеңилдетилген кредит берүү, кепилдик механизмдери жана инвестицияларды тартууга басым.
- Региондорду өнүктүрүү жана экспорт: жергиликтүү инициативаларды колдоо, региондордун адистешүүсү, айыл чарба жана кайра иштетүү тармагында кошумча баа түзүү, ошондой эле Кыргызстандык өндүрүүчүлөргө эл аралык рынокторго чыгууга жардам берүү.
- Цифрдык трансформация: «МСП Хаб» платформасын ишке ашыруу, бул бизнес үчүн мамлекеттик кызматтарга жана онлайн-консультацияларга жетүүнү жеңилдетет.
- Юридикалык коргоо: жөнгө салууну жөнөкөйлөтүү, административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана жеке менчикти коргоону камсыздоо.
- Инновациялар жана креативдик экономика: аялдардын ишкердигин, жаштардын стартаптарын жана креативдик экономика тармагын колдоо.
Программанын авторлорунун белгилөөсү боюнча, бизнес өкүлдөрү менен биргеликте иштелип чыккан сунуштар документтин акыркы версиясында эске алынат.