Мындай деңгээл уязвимый топтор үчүн зыяндуу деп эсептелет.
Башкы шаардагы эң булганган райондор:
1. Мадиев көчөсү - 128
2. Байтик айылы - 92
3. Нагорье - 66
Бишкектеги абанын булганышынын негизги булагы PM2.5.
| Аба сапатынын индекси AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Аба сапаты норманын ичинде, булгануу аз |
| 51—100 | канааттандырарлык | Кабыл алынуучу сапат, бирок айрым булгануучулар өтө сезгич адамдар үчүн кооптуу болушу мүмкүн |
| 101—150 | сезгич топтор үчүн зыяндуу | Сезгич адамдарга таасир этиши мүмкүн, ал эми көпчүлүк үчүн эч кандай көрүнүктүү көйгөй жаратпайт |
| 151—200 | зыяндуу | Бардыгы ден соолукка таасирлерге дуушар болушу мүмкүн, өзгөчө сезгич топтор олуттуу көйгөйлөрдү баштан кечириши мүмкүн |
| 201—300 | өте зыяндуу | Ден соолук үчүн кооптуу, бардык калкка таасир этиши мүмкүн |
| 300+ | кооптуу | Ден соолукка кооптуу. Ар бир адам олуттуу кесепеттерге дуушар болушу мүмкүн |
PM2.5 2,5 микрондон кичинекей катуу бөлүкчөлөрдү билдирет, бул адам чачынын диаметринин 30 эсе кичинекей. Аларга чаң, күл, кара түтүн, ошондой эле абада асманда турган сульфаттар жана нитраттардын аралашмалары кирет. Бул заттар ири мегаполистерге мүнөздүү атмосферанын булганышына себеп болот.
5-февралдагы маалыматтар боюнча, Бишкек дүйнөлүк аба сапаты рейтингинде 15-орунду ээлейт (17:00).
Аба булгануусунан коргонуу боюнча сунуштар:
- булганган абанын киришин алдын алуу үчүн терезелерди жабыңыз;
- маска кийип жүрүңүз;
- көчөдөгү физикалык активдүүлүктү азайтыңыз;
- аба тазалагычтарды колдонуңуз.