Мындай деңгээл саламаттыкка зыяндуу деп эсептелет.
Бишкектеги эң булганган үч район:
1. Байтик айылы - 235
2. Нагорье - 156
Бишкектеги абанын булганышынын негизги булагы PM2.5.
| Абанын сапатынын индекси AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Абанын сапаты канааттандырарлык, булгануу деңгээли аз |
| 51—100 | канааттандырарлык | Абанын сапаты кабыл алынуучу, бирок сезгич адамдар үчүн кооптуу булгануучулар болушу мүмкүн |
| 101—150 | сезгич топтор үчүн саламаттыкка зыяндуу | Жогорку сезгичтиги бар адамдарга таасир этиши мүмкүн, калган адамдарга көрүнүктүү таасир этпейт |
| 151—200 | саламаттыкка зыяндуу | Бардыгы саламаттыкка терс таасирлерин сезиши мүмкүн, өзгөчө сезгич топтор |
| 201—300 | өтө саламаттыкка зыяндуу | Саламаттыкка кооптуу, бардык калкка таасир этиши мүмкүн |
| 300+ | кооптуу | Саламаттыкка кооптуу, бардыгы олуттуу кесепеттерин сезиши мүмкүн |
PM2.5 2,5 микрондон кичине бөлүкчөлөрдү билдирет, бул адамдын чачынын диаметринин 30 эсе кичине. Бул бөлүкчөлөр чаң, күл, күйүү, ошондой эле абадагы сульфаттар жана нитраттардан турат. Алар ири шаарларга мүнөздүү атмосферанын булгарышына жооп берет.
Глобалдык абанын сапаты боюнча рейтингде 14-мартта Бишкек 3-орунду ээлейт (саат 11:00 боюнча маалыматтарга ылайык).
• Абанын булгануусунан коргонуу боюнча сунуштар:
- булганган абанын киришин алдын алуу үчүн терезелерди жабыңыз;
- маскаларды колдонуңуз;
- сыртта физикалык активдүүлүктү чектеңиз;
- аба тазалагычтарды колдонуңуз.