Бакыт Торобаев: Биз талаптарга жооп бербеген бардык мал базарларын жабабыз
Бүгүн Жогорку Кенештин агрардык маселелер, суу ресурстары жана экология боюнча комитетинин жыйынында өкмөт башчынын орун басары жана суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев «белгиленген талаптарга жооп бербеген бардык мал базарлары жабылат» деп билдирди. Бул комментарий Иссык-Ата районунда жаңы мал базарын ачуу зарылдыгын белгилеген депутат Эркеайым Сейтказиеванын билдирүүсүнө жооп катары айтылды.