
Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, Ак-Суй райондук РЭСинин ИПЭС ОАО "НЭСК" эсептөө инженери К.М.А. кармалды. Ал жергиликтүү ишкерлерден, туристтик ишмердүүлүк менен алектенгендерден пара талап кылууда шектелүүдө.
Ведомствонун маалыматына ылайык, шектүү пара катары акча талап кылып, электр энергиясын эсептөөчү прибордун пломбасы жок болгондуктан салынган айыпты азайтууга убада берген.
Учурда ал Каракол шаарындагы убактылуу кармоо жайында, 48 саат бою болот.
Текшерүү уланууда.