
Бакыт Торобаев фермерлер суу электрондук эсептегичтер аркылуу алат деп билдирди.
Жогорку Кенештин агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев Кыргызстандагы суу сактагычтардагы суу көлөмүнүн бул жылы кыйла азайганын айтты.
Учурда өлкөнүн 498 суу сактагычында болжол менен 884 млн кубометр суу бар, бул өткөн жылга салыштырмалуу 30-35% аз. Бардык суу сактагычтардын жалпы долбоордук сыйымдылығы 1 млрд 757 млн кубометрди түзөт.
Министрдин айтымында, 2026-жылга чейин 1 млн 250 миң гектар жерди эгинге айдоо пландалууда, анын ичинен 885 миң гектары сугарылуучу болот. Бул талааларды суу менен камсыздоо үчүн (ортача 4–5 сугаруу) болжол менен 6,3 млрд кубометр суу талап кылынат.
Бул жылы ирригация системасын өнүктүрүүгө 12,3 млрд сом бөлүнгөн. Бул каражаттар төмөнкүлөргө жумшалат:
- 776 км каналдарды оңдоп-түзөө жана тазалоо;
- 657 миң кв. метр бетон жабууну төшөө;
- 590 гидротехникалык объекттерди калыбына келтирүү;
- 508 суу өлчөө постун, 91 насостук станцияны жана 170 насостук агрегатты оңдоо;
- 46 насостук агрегатты жаңылоо;
- 1,5 миңден ашык электрондук суу эсептегичтерин орнотуу;
- 225 коллектор-дренаж системасын тартипке келтирүү.
Бакыт Торобаев фермерлер үчүн суу берүү боюнча электрондук эсепке өтүү ресурстарды бөлүштүрүүнү натыйжалуу көзөмөлдөп, суу жоготууларын азайтууга мүмкүндүк берерин белгиледи.
Сүрөт www