Минстрой «Аалам Строй» курулуш компаниясынын лицензиясын 90 күнгө токтотту
- 20-январда «Аалам Строй» курулуш компаниясынын лицензиясын убактылуу токтотуу чечими кабыл алынды, бул 90 күнгө созулат. Бул тууралуу 24-январда Минстройдун басма сөз кызматы маалымдады. «Аалам Строй» компаниясы жалпы 3 миллион сомго айып пулга тартылды. Лицензиянын убактылуу токтотулушу 17-январда өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча болду, ага курулуш министри Нурдан Орунтаев катышты.