Бул долбоордун сметалык баасы 37 миллион евро деп маалымдалууда.
Учурда БЧК аркылуу суу берүүдө сугат сууларынын жоготуулары 50–55% га жетет. Каналдын түбүн бетондоо бул жоготууларды кыйла азайтып, сугат жерлерине толук суу берүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.Мындан тышкары, бетондоо жерге суу фильтрациясын жана анын жер астындагы катмарларга жайылышын алдын алат, бул каналдын төмөнкү бөлүгүндөгү баткак жерлерди кургатууга мүмкүнчүлүк түзөт.
"Бул жерлерди айыл чарба өндүрүшүндө, бакчачылыкта пайдалануу, ошондой эле курулуш үчүн аймактарды иштетүү жана учурдагы жашоо пункттарына жакын жаңы калктуу конуштарды түзүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт," - деп кошумчалашты билдирүүдө.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.