
Талас облустук мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо департаментинин инспекторлору рейд өткөрүп, курулуш реестрине катталбаган асфальтобетон заводу курулуп жатканын аныкташты.
Завод 78-кичирайондо, Айтматов районундагы Чон-Кара-Буура айылына жакын жайгашкан. Иш жүзүндө, курулуш иштеринин 70% аяктаган жана завод өз ишин баштап койгон.
Текшерүүнүн жыйынтыгында ОсОО «Гранит Транс Сервис» компаниясына 200 000 сом айыппул салынды, ошондой эле объектти белгиленген эрежелерге ылайык каттоого алуу боюнча буйрук берилди.
Талас шаарындагы бардык курулуш объекттерин текшерүү иштери туруктуу негизде улантылууда.
Кошумча маалымат:
Курулуш реестри мыйзамдык талаптарга ылайык түзүлгөн маалыматтык система болуп, курулуш объекттерин, долбоорлоо жана подряддык уюмдарды эсепке алуу, ошондой эле техникалык жана автордук көзөмөлдү, анын ичинде уруксат жана долбоордук документацияны контролдоо үчүн кызмат кылат.