
Текшерүү учурунда заводдун курулуш иштери бүтпөй туруп, активдүү иштеп жаткандыгы аныкталды. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча ОсОО «Гранит Транс Сервис» компаниясына жазуу түрүндөгү эскертүү жөнөтүлдү. Учурда күчүндө болгон мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлүүдө.
Талас облусундагы бардык курулуш объектилери боюнча рейддер туруктуу өткөрүлүп турат. Курулуш министрлиги курулуш процессине катышкан бардык тараптарды, анын ичинде уюмдарды жана жеке адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген нормаларга жана эрежелерге так сактоого чакырат.
Элдин коопсуздугун камсыздоо үчүн курулуш иштеринин жүрүшүндө техникалык регламенттерди жана стандарттарды так сактоого өзгөчө көңүл бурулат. Курулуш аянтчаларында рейддик иш-чаралар өлкө боюнча, дем алыш күндөрүн да камтыган түрдө улантылат.