Бишкекте Саудия фондунун насыясы менен беш мектеп курулат
Жогорку Кенештин жыйынында 22-январда Саудиянын өнүктүрүү фонду тарабынан берилген кредитти колдонуп Бишкекте беш жаңы мектептин курулушу жөнүндө маалымдалды. Депутаттар кредит боюнча өкмөт менен фонддун ортосундагы келишимди ратификациялоону камтыган мыйзам долбоорун биринчи окууда талкуулап, жактырды.