Жыйындын алкагында кадрдык потенциалды жогорулатуу боюнча кызматташтык маселелери каралып, JICA жана JICE менен биргеликте ишке ашырылып жаткан JDS стипендиялык программасынын натыйжалары талкууланды.
Бар болгон маалыматка ылайык, JDS программасынын алкагында 20-агым боюнча магистрдик жана доктордук программалар боюнча адистерди окутуу каралган, бул үчүн япон өкмөтү 399 миллион йен грант катары бөлгөн.
2006-жылдан 2025-жылга чейин Японияда 327 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкери, ошондой эле «Жаш лидерлер» программасы боюнча 28 адис окуду.
Жолугушуунун учурунда төмөнкү сунуштар айтылды:
- JDS программасынын квотасын 50 орунга чейин көбөйтүү (азыркы учурда – 20 орун, анын 19у магистратура үчүн жана 1и докторантура үчүн),
- «Жаш лидерлер» программасын 10 орунга чейин кеңейтүү.
Элчи бул сунуштарды япон тарапка өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди.
Джантаев 2026-жыл эки тараптуу кызматташтыкта маанилүү этап экенин белгилеп, бул жылы JDS программасынын 20 жылдыгы жана JICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн 25 жылдыгы белгиленерин айтты.