20 мындай машинканы сатып алуу үчүн министрлер кабинетинин резервдик фондунан 3 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү. Бишкекке 10 даана келип түшсө, калган 10 машинка Ош шаарындагы көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген жана көзү начар балдар үчүн атайын жалпы билим берүү мектебине жөнөтүлөт.


Perkins Brailler Classic машинкалары билим берүү процессин уюштуруу үчүн алмаштыргыс инструменттер болуп саналат. Алар Брайль системасы боюнча жазууну ырааттуу жана практикалык үйрөнүүгө шарт түзөт, балдардын өз алдынча иштөө жана майда моторика көндүмдөрүн өнүктүрөт, ошондой эле көңүл бурууну жакшыртат. Мындан тышкары, бул машинкалар мугалимдердин жумушун жеңилдетет жана билим берүүнүн сапатын жогорулатат, коррекциондук, билим берүү жана социалдык ишмердүүлүктү бирдиктүү системага интеграциялоого мүмкүндүк берет.


