
Президенттик лицей «Акылман» STEAM системасы боюнча билим берүү программасын баштайт, ал IT-технологияларды, гуманитардык дисциплиналарды жана профильдик билим берүүнү камтыйт. Илимий иштер боюнча директордун орун басары Алмазбек уулу Өмүрбек, бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн пресс-конференцияда маалымат бөлүштү.
STEAM системасы студенттердин критикалык жана креативдүү ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган. Лицейде билим берүү эки тилде жүргүзүлөт: так илимдер англис тилинде, ал эми гуманитардык предметтер кыргыз тилинде окутулат. Жаңы келгендер англис тилин үйрөнүүдө жардам алышат, андан кийин толугу менен ушул тилде билим алууга өтүшөт. Лицейдин өзгөчөлүгү - бул мектепте гана сунушталган байдарка спорту боюнча программалардын болушу», — деди ал.
Учурда лицейде 264 окуучу билим алууда, класстарга бөлүнгөн, ар бир класста 24 лицеист бар. Окуу процесси студенттердин ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган 26 кружок менен толукталган.
Лицейдеги баалоо системасы формативдүү жана суммативдүү бааларды камтыйт. Ошондой эле CGPA (ортомдук жыйнак балл) системасы киргизилген, бул студенттердин окуу жүктөмүн эске алуу менен алардын окуу жетишкендигин объективдүү баалоого мүмкүндүк берет», — деп кошумчалады Алмазбек уулу Өмүрбек.