
Өкмөттөгү жыйында курулуш министри Нурдан Орунтаев Кыргызстанда 20 жаңы мектеп куруу пландары тууралуу маалымдады, алардын 10у азыркы учурда курулуш этапында.
Ал белгилегендей, бул мектептердин ар бири инклюзивдик билим берүү үчүн атайын даярдалган бир же эки класска ээ болот. Ошондой эле ден соолугунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн билим алуу шарттары камсыздалат.
«Биздин максат — мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн түзүү», - деп кошумчалады министр.