"15-декабрда биз уулумдун өткөрүшү керек болгон экзамен үчүн 515 сом төлөдүк. Бирок экзамен 9-январга белгиленген, ал жумушчу эмес күн болуп чыкты. Натыйжада, ошол күнгө экзамени барлар кайрадан төлөөгө мажбур болушту. Биздин акчабыз кайда кеткенин жана кантип кайтарып алууну билбей жатабыз", - деди ал.


Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы мамлекеттик транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо борборунун басма сөз кызматы арыз ээси Сокулук-Московский бөлүмүнүн жетекчилигине түшүндүрмө алуу үчүн кайрылууну сунуштады. Бул окуя боюнча редакциянын комментарийи боюнча азырынча жооп келген жок.