
Анын сүрөтү Vogue Runway үчүн Ян Чул Ким тарабынан даярдалган The Best Street Style Photos From the Fall 2026 Shows in Seoul аттуу макалага киргизилди.


Сүрөттөрдө Шадия салттуу кыргыз чапанында жана баш кийимде тартылган, бул эл аралык коомчулуктун көңүлүн дароо бурду. Модельдин айтымында, мода жумасынын төртүнчү күнүндө ал жакындарына таандык кийимдерди кийүүнү чечкен: чоң атасынын чапаны жана чоң энесинин баш кийими. Бул жакындарына болгон эскерүү максатында жана Кыргызстан маданиятын жеке символдор аркылуу көрсөтүү үчүн жасалган.