
Арал–Казарман участогу транспорт үчүн жабык
12-февралда альтернативдүү автоунаа жолунда, Север–Юг, Арал–Казарман аймагында (узундугу 243–296 км) кар массасы жылып кетти, деп билдирди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана байланыш министрлиги.
Бул себептен жол кыймылы эки тарапта убактылуу токтотулду. Учурда көчкүнүн өлчөмдөрү такталууда.
Жолду тазалоо иштерин Транспорт министрлигинин №18 жол эксплуатациялоо ишканасы уюштуруп жатат. Окуя болгон жерге атайын техника жөнөтүлдү, иштер уланууда.
Сүрөт Транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан берилди.