







7-апрель күнү Бишкекте, Медеров жана Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосунда жылуулук тармагында авария болуп, 900 мм диаметри бар түтүк жабыркаган.
Шаардык администрациянын билдирүүсүнө караганда, көйгөйдү жоюу үчүн эски түтүк убактылуу өчүрүлүп, андан кийин альтернативдүү түтүккө туташтыруу иштери жүргүзүлгөн.
Окуя болгон учурдан бери шаар тургундары үчүн жылуулук камсыздоо үзгүлтүксүз улантылды, бирок ысык суу убактылуу өчүрүлгөн. 5-микрорайондо ысык суу толук берилүүдө, ал эми жогорку аймактардын тургундарына ысык суу камсыздоо төрт сааттын ичинде калыбына келтирилет деп убада берилген.
Аварияны жоюу үчүн беш атайын техника колдонулган, анын ичинде кран, экскаватор, жылжымалуу насос станциясы жана эки атайын фургон.
«Биз жаңы түтүктү мүмкүн болушунча тез арада, бир күндүн ичинде орнотууну бүтүрүү үчүн бардык аракеттерди жасайбыз», - деп айтылат расмий билдирүүдө.