
Тунук тоо өтмөгүндө кар жаап жатат
Бүгүн, 13-февралда, саат 10:00дөн баштап Тоо-Ашуу өтмөгүндө оор жүк ташуучулар үчүн убактылуу чектөө алынып салынды.
Транспорт жана байланыш министрлиги берген маалыматка ылайык, учурда бул аймакта кар жаап жатат жана жол кызматкерлери үзгүлтүксүз иштеп жатышат.
Эскерте кетсек, Тоо-Ашуу өтмөгүндөгү Бишкек–Ош автожолунда жүк ташуучу транспорт үчүн чектөөлөр 11-февралда саат 03:40та киргизилген.
Учурда өтүү ачылган, жана жолду тазалоо процесси уланууда.
Сүрөт www