Текшерүүлөр Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигинин Антимонополь жөнгө салуу кызматынын 2025-жылдын 13-февралындагы № 01-12/04 буйругуна ылайык уюштурулду, анда Бишкекте эттин (сиыр жана кой этин, сөөгү жок этти эсепке албаганда) максималдуу баалары белгиленген.
Рейддерге ошондой эле Свердлов районунун муниципалдык администрациясынын башчысы Мирлан Амангелдиев, шаардык антимонополь кызматтын өкүлдөрү жана Бишкектин ветеринардык кызматынын кызматкерлери катышты.
Текшерүүлөрдү жүргүзүүдө төмөнкү аспектилерге көңүл бурулду:
- эт товарларынын баасын негизсиз жогорулатуунун алдын алуу;
- эттин сапаты жана келип чыгышын тастыктаган зарыл документтердин болушу;
- санитардык нормалар жана соода эрежелеринин сакталуусу.
Сатуучүлөр менен мыйзам талаптарына жана мамлекет тарабынан белгиленген бааларга катуу ылайык келүүнүн маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү сүйлөшүүлөрү өткөрүлдү.
Ведомстводо белгиленгендей, бул рейддер негизги азык-түлүк бааларын стабилдештирүүгө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган. Бишкектеги азык-түлүк базарындагы кырдаалды мониторинг жүргүзүү улантылат.