Ал операциянын ийгиликтүү аяктаганын белгиледи.
«Бардык дарыгерлерге жана мени колдогон адамдарга чоң рахмат. Эми алдыда жараны айыктыруу жана ишенимди калыбына келтирүү этабы турат. Бирок мага дагы бир нече операциялар керек», — деп жазды Асель.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын 20-сентябрында Асель Ногойбаева, 36 жашта, мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесов тарабынан кулагы жана муру кесилип, денеси катуу жабыркагандыктан оор жаракаттар менен ооруканага жаткырылган. Бул боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси «Саламаттыкка оор зыян келтирүү» боюнча кылмыш иши козголгон. 39 жаштагы мурдагы күйөө киши кармалган. 2024-жылдын 26-январында Сокулук райондук соту аны 20 жылга эркинен ажыратуу жазасына тарткан. Сот ошондой эле айыпталуучуну Асельге 2 миллион сом жана мамлекетке 80 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирген.