

23-февралда Манас шаарында 167 аскер кызматкерине жаңы батирлердин ачкычтары тапшырылган салтанат өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлиги маалымдады.
Иш-чарага Түштүк-Чыгыш оперативдик командованиесинин командири Самат Сейдалиев катышты.
Батирлер Мамлекеттик ипотекалык компаниянын колдоосу менен курулган.
Мындан тышкары, 2025-жылдын 1-октябрында Караколдо жаңы ипотекалык көп кабаттуу үйдө 40тан ашык аскер кызматкерине да турак жай берилгенин белгилеп өтүү керек.