
Текшерүүнүн жыйынтыгында туура эмес токтотулган унаалардын ээлерине, ошондой эле медициналык кызматкерлерге, бейтаптарга жана студенттерге арналган орундарда токтотулган унааларга протоколдор түзүлдү.



«Узак убакыт бою эрежелерди бузуп токтоп турган унаалар эвакуацияланып, айыппул токтотуучу жайга жөнөтүлдү. Эми бул аймакта 100 орунга ылайыкташтырылган, күн сайын 8:00дөн 20:00гө чейин иштеген акы төлөнүүчү муниципалдык токтотуучу жай уюштурулат. «ШДТИ» кызматкерлери күн сайын бул участканы көзөмөлдөшөт», — деп айтылат расмий билдирүүдө.
Мындан тышкары, бул аймакта мамлекеттик номерлери жок унааларды токтотууга тыюу салынган. Эреже бузулса, тиешелүү чаралар көрүлөт.