
Парламенттин жыйынында спикер Марлен Маматалиев Жогорку Кенештин эки комитетинин төрагалары өз ыйгарым укуктарын тапшырганын билдирди.
Анын айтымында, сот-укуктук маселелер, коомдук тартип, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетин жетектеген Болотбек Борбиев жана эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар жана социалдык маселелер комитетин жетектеген Гулсункан Жунушалиева бул чечимди өз каалоолору менен кабыл алышкан.
Эми депутаттар бул комитеттер үчүн жаңы төрагаларыны тандоосу керек.
сүрөт www