
Абанын шарттарынын начарлашына байланыштуу Долон ашуусунда жүк ташуучу транспорт үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Берилген маалыматка ылайык, аба ырайындагы өзгөрүүлөр күтүүсүз болуп, чектөөлөр 20:30дан тарта күчүнө кирди.
«Арнайы техника жолду тазалоо менен алектенүүдө жана аны реагенттер менен себүүдө. Биз айдоочуларды ылдамдык режимин жана аралыкты сактоого чакырабыз», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.