
Келечекте авиапаркка эки учак кошулары күтүлүүдө
Республикалык жыйында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков авиация тармагындагы жаңылыктар менен бөлүштү.
Ал аэропорттор өз каражаттарын пайдаланып, 2 миллиард 385 миллион сомго үч учак сатып алганын билдирди.
Министр пландарда Q400 моделиндеги учакты кошуу жана эки Airbus A321 сатып алуу бар экенин кошумчалады.
Эрлист Акунбековдун айтымында, аэропорттордун ички инфраструктурасын жаңылоого 8 миллиард 400 миллион сом бөлүнгөн.
Бүгүнкү күндө 11 аэропорт сертификатка ээ жана кадимки режимде иштеп жатат.
сүрөт www