
Министрликтин сүрөтү
Бул техникалык корутундуулар имараттардын сейсмостойкулугун тастыктап, долбоордук чечимдердин заманбап коопсуздук талаптарына жана күчүндө болгон техникалык стандарттарга ылайык келерин көрсөтөт.
Министрликтин маалыматы боюнча, институттун адистери ар кандай объектилерди — турак үйлөрдөн социалдык жана коомдук имараттарга чейин — текшерүү жана эсептик анализдерди жүргүзүштү. Ар бир объект үчүн инженердик изилдөөлөр жүргүзүлүп, алардын натыйжасында расмий техникалык корутундуулар даярдалды.
Ведомстводо техникалык корутундуунун болушу жаңы курулуш, реконструкция же капитальный ремонт үчүн зарыл шарт экенин баса белгилешет. Бул документ имараттын учурдагы техникалык абалын баалоого, колдонуучулардын коопсуздугун камсыздоого жана курулуш иштеринин сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.