
2-мартта Бишкекте 20 жаңы мектептин курулушуна арналган жумушчу жыйын өттү.
Вице-министр Талантбек Иманакун уулунун жетекчилиги астында өткөн жыйынга министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана курулуш компанияларынын өкүлдөрү катышты.
Талкуу учурунда катышуучулар 20 окуу жайдын курулушунун учурдагы абалын, темпин жана сапатын баалашты. Курулуш материалдары менен камсыздоо, жумушчу күчүн уюштуруу, коопсуздук чараларын сактоо, каржылоо жана жумуштун белгиленген мөөнөттө аткарылышын көзөмөлдөө сыяктуу негизги маселелер каралды. Курулушчуларга кечиктирбөө үчүн конкреттүү тапшырмалар берилди.
Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен, быйыл Бишкекте республикалык бюджеттин эсебинен 20 мектептин курулушу башталды, анын ичинде:
Октябрь районунда – 6 мектеп;
Ленин районунда – 6 мектеп;
Биринчи май районунда – 5 мектеп;
Свердлов районунда – 3 мектеп.
Бардык курулуш аянтчаларында мамлекеттик бюджеттин эсебинен толук каржыланган активдүү иштер жүрүп жатат.
Министрлик курулуштун сапатын, коопсуздугун жана мөөнөттөрдү сактоону туруктуу көзөмөлдөп турат. Проект Бишкек шаарындагы билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга жана балдарды окутуу үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.